Каргалык айыл аймагында 2022-жылдын бюджетинин долбоору боюнча коомдук угуунун жыйынтыктары
Каргалык айыл аймагынын Казарман айылында жана Чет-Булак айылында 2021-жылдын 8-июль куну 2022-жылдын бюджетинин долбоору боюнча коомдук угуу болуп өттү.Коомдук угууну өткөрүү боюнча атайын жумушчу топ түзүлүп, коомчулуктун катышуусун камсыз кылуу максатында өзгөчө даярдыктар көрүлдү.Атап айтканда Казарман жана Чет-Булак айылдарынын коомдук жайларына кулактандыруулар,айыл элине атайын чакыруулар таратылып,көчөлөргө жарыялар, баннерлер илинип, интернет булактарына вотсап, фейсбук, жарандык бюджетин сайтына жырыяланды жана бир күн калганда көчө микрофону менен кыдырып эскертилди.Коомдук угууну жогорку деңгээлде өз максатына жеткирүү үчүн программалар, эрежелер, бюдджеттин кыскача баяндамалары, кыскача буклет баяндамалары иштелип чыгып,чакыруулар менен бирге таркатылды. Ошондой эле коомдук угуунун жүрүшүндө буклеттер таратылды.Коомдук угууга Казарман айылынан жалпы 41 адам, ал эми Чет-булак аылынан 30 адам, жалпы 71 адам катышып анын ичинен 25 аялдар катышты.Учурдагы абалга COVID-19 га байланыштуу аралыкты сактоо максатында норма менен көп киши чакырылган жок, элдин коопсуздугун эске алуу менен Казарман айылына 42 чакыруу Чет-Булак айылына 38 чакыруу жалпы 80 чакыруу таркатылды. Элдерге медициналык бет каптар, антисептик каражаттар менен камсыз кылдык, социалдык аралыкты сактоо менен бир орундукту бошотуп олтургузуу менен катышуучулар каттоодон өтүп коомдук угууну баштадык.
Коомдук угуунун ачылышында Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Эмил Артыкбаевич Артыкбаев:
Ассоолму аллейкум, урматтуу айыл аймагынын тургундары.
Биз бүгүн бюджеттин айчык айкындуулугун сиздер менен биргеликте аныктап, сиздерден тушкөн салык акчалар кайда,канча, жумшалып жаткандыгы боюнча сиздерге маалымат берели деп жатабыз. Мени өкүндүргонү пандемияга байланыштуу аралыкты сактоо учун аз өлчөмдө элдин чакырылышы, элдин коопсуздугу үчүн болууда.
Ушул коомдук угууга канчалык сиздер көп келсениздер, айыл аймагынын бюджетинин акчасы кайсы жактарга жумшалып жаткандыгы боюнча кеңири маалымат алат элек. Биз буга чейин бюджеттин ачык айкындуулугу боюнча элге маалымат берилип келгенӨнүктүрүү саясаты институт жана КР Каржы жана Экономика министирлиги тарабынан иштелип чыккан оңойтулган формадагы коомдук угуу өкөрүү боюнча онлайн формасын мындан нары да ушул ишти колго алып, дайыма бюджеттин долбоору боюнча коомдук угууларды өткөрүп, сиздерге маалыматты кеңири жетип турушуна мындан да жакшылап колго алабыз- деп билдирди.
Коомдук угууда Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Кашкариева Еломира Тиленбаевна бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча томөндөгүдөй маалымат берди: Элден түшө турган салыктар боюнча жүргүзүлгон эсептоолорго жараша,2022-жылы салыктардан жана салык эмес кирешелерден тушкөн кирешенин жалпы айыл аймагы боюнча 41939,7 миң сом түшүшү күтүлүүдө; киреше салыгы 28425,3мин сом, ыктыярдуу патент салык815,7 мин сом, милдетуу патент салык 85,2 мин сом, кыймылсыз мүлк салык 1336,1 миң сом, мунун ичинен жеке транспорт салык 998,6 миң сом, менчик транспорт салык 205,7 миң сом,кыймылсыз мулк салык 131,8 миң сом, жер салык жалпы; 4625,5 миң сом мунун
Ичинен короо жана дачалык жер салык 160,4 миң сом,айыл чарба жер салык 162,8 миң сом, айыл чабага арналбаган жер салык 4302,3 миң сом, роялти 47,8 миң сом жалпы салык кирешелер : 35335,6миң сом.Ал эми жергиликтуу салыктардан; Салык эмес кирешелер жалпы: 6604,1 миң сом жерлерди ижарага беруу 163,7 миң сом,Жайыт акы салык -580,0 миң сом, лицензия 2561,3 миң сом, таштанды 45,0 миң сом, атайын каражат ата-энелер төлөмү 1778,3 миң сом, инфр.өнүк.салык 1433,3 миң сомду пландаштырып жатабыз. Ал эми республикалык бюджеттен тендоочу гранттан сурабайбыз.
2022-жылга болгон бюджеттин долбоорунун чыгаша бөлүгү кирешеге жараша 41939,7 миң сом көлөмундөаныкталды.Чыгашалар негизинен төмөнкү тармактык чөйрөлөргө багытталган: башкаруу тармагына жалпы чыгым 28949,9 миң сом (чыгашанын 69 %) мунун ичинен май айларынан бери элден тушкон сунун кайрылуулар эске алынып тазасууну камсыздоого, жакыр үй-бүлөлөргө, балдарга аялдарга, туберкулез менен ооруугандарга, майрамдык иш чараларга, спорт оюундарына, жолдорду оңдоого,жарыктандыруу, жашылдандыруу жана башка чыгымдарга болжолдуу каралды,.китепкана тармагы боюнча 517,0 миң сом (чыгашанын 1% ) ,клуб тармагынын чыгашасы 445,4 миң сом (чыгашанын 1%),мектеп тармагынын чыгашасы 4002,8 миң сом (чыгашанын 13%) бала-бакча тармагынын чыгашасы 7444,5 миң сом, жайыт комитетинин чыгашасына 580,0 миң сом. Жалпы чыгымдар боюнча кеңири тушундурмо берилди.
Коомдук угуу аймагыбызда өтүп келгендигине карабастан долбоорго толуктоолор, сунуш-кайрылуулар, ой-пикирлер айтылып жана суроо жооп ирээтинде болуп өттү.Коомдук угууда калк тарабынан төмөндөгүдөй сунуштар берилди: Айыл ичиндеги транспорттун санын тактап, жергиликтүү бюджетке түшүрүү боюнча элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзуүү, менчик огородторду тактоо, сугат иштери, жайыт, ички жолдорун ондоо, тазасуу көйгөйү, жолдорду оңдоо, жарыктандыруу, материалдык жардамдарга кобүрөөк акча кароо,бала-бакчалардын көйгөлөрүн чечүү,көчөлөрдү жарыктандыруу, жашылдандыруу,жаштар паркын тосуу боюнча көптөгөн сунуш кайрылуулар берилди.
Коомдук угууда жергиликтүү
маанидеги маселелерин аныктоо жана чечүү жыйындарына активдүү катышкан жарандарга, депутаттарга жана жакшы сунуш бергендерге айыл аймактын тургундарынан жана Каргалык айыл өкмөтүнүң аттынан ыраазычылык айтылды.Элдер Өнүктүрүү саясаты институттуна жана КР Каржы Экономика министирлигине жарандык бюджет элге түшүнүктүү болуп түзүлгөндүктөн, онлайн сайты учун ыраазычылык айтышты жана үйлөрүнөң баардык бюджеттин түрүн карап көрүп турарын билдиришти.
Мындан сырткары бюджетти максатуу пайдалануу боюнча жазуу жүзүндө пикирлер, сунуштар алынып калоо тилектер айтылып, анкета толтурулуп коомдук угуу жыйынтыкталды.
Маалыматты даярдаган: Кашкариева Еломира – КЭБ башчысы