Менин учурумда Үч Күбүк деген жер бар экенин билип чыккан элем. Үч Күбүктун бири ушул ээк астындагы ойдуң көрүнгон жери экен го. Бул жер сузса соолбос, куйса толбос, жемиши жерден береке берген, жердеген элдин жергеси бузулбас, оболдон акыркы туурдугу сыйрылбас “Алтын Чөйчөк” жер экен деп улуу Санчы Сынчы  суроттоп кеткен  аймак, бугунку кундо Тогуз-Торо району аталат. Тогуз-Торо ороону Ички Тениртоонун батышында жайгашкан. Тундугунон Молдо тоо, Кабак, Кокирим, батышынан Фергана, туштук чыгышынан Акшыйрак тоолору менен курчалып, дениз денгээлинен 1200-2000 м бийиктикте жайгашкан. 16-кылымдагы моголдордун дуулат уурусунан чыккан атактуу мусулман тарыхчысы Мухаммед Хайдар Мырзанын (1499-1551) фарси тилинде жазылган “Тарихи-и Рашиди” эмгегинде Тогуз-Торо ороону тууралуу эскертилет. Мындан, Тогуз-Торо топоними 15-16-кылымдардан тарыхха жазылып калган эски георграфиалык аталыш экендигин жана топонимдин манызы аркылуу ошол мезгилдерден бул аймакты кыргыз уруулары мекендегендигин белгилоого болот.

Биздин байыркы ата-бабаларыбыздын жазуусу жана коло доордун рухий дуйносун ичине камтыган чыгармачылыгынын эн жогорку туу чокусу, байыркы искусствонун туу чокусу  катары эсептелген Саймалуу-Таш сурот галлереясы орун алган.

Бул гиганттык зор сурот галлереясы адам акылынын, анын жаратуучулук ишмердигине чек жок экендигине ынандырат.

Саймалуу ташка баруучу жолдун татаалдыгынан улам, ал узак мезгил бою окумуштуулар дуйносуно белгисиз бойдон калып келген. 1902-ж жайында орус армиясынын аскер топографы Н.Хлудов Кокарт дарыясынын аймагын жана Фергана кырка тоосундагы Кокарт ашуусун картага тушуруп жатып, таш бетине тушурулгон аябагандай коп суротторду  жолуктурат.

Саймалуу таш адам турмушунун жашоо аракетинин (кош айдоо, анчылык, бий, оюн тамаша, колдорун жогору которгон адамдардын, тегерек кун сымал кудайлардын ж.б.) корунуштору, эчки-текелердин, бугулардын, ит-карышкырлардын суроттору, биздин тээ качанкы ата-бабаларыбыздын башынан кечирген окуяларын, ой-тилегин , умутун, фантазиясын чагылдырган, ошолорду келечекке калтыруу максатында да жазылган таш китеби деп атасак болот.